Ысык-Ата районунун акими Узун-Кыр айылындагы жер тилкелерин текшерди
6 август

Ысык-Ата районунун акими Узун-Кыр айылындагы жер тилкелерин текшерди

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким А. Рахманкулов иш күнүнүн алкагында Узун-Кыр айыл аймагына караштуу №323 контурдагы 24,0 га жер тилкесине барып чыкты. Бул иш сапар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы №10 ПЖ “Мамлекеттик турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т Тескемесинин 2-пунктун ишке ашыруу максатында уюштурулган.

Жеринде жүргүзүлгөн таанышуу учурунда аталган жер тилкесин ААК “Мамлекеттик ипотекалык компаниясына” көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берүү маселеси каралды.

Мындан тышкары, ошол эле №323 контурда жайгашкан 29,5 га айыл чарба багытындагы жер тилкесине мыйзамсыз түрдө шагыл жана башка курулуш материалдары төгүлгөндүгү аныкталды. Бул жер тилкеси “Жер мунапысы” алкагындагы субъекттерге кирбегендиктен, аны өз багыты боюнча колдонуу жана мурдагы абалына келтирүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.