Жээнбек Кулубаев ЖККУнун Башкы катчысы менен жолукту
13 февраль

Жээнбек Кулубаев ЖККУнун Башкы катчысы менен жолукту

Бишкекте бүгүн, 13-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУнун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына токтолуп, ошондой эле Кыргызстандын 2025-жылдагы ЖККУдагы төрагалык мезгилиндеги Кыргыз Республикасынын артыкчылыктарынын алкагында коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды.

Жолугушуу салтка айланган достук маанайда өттү.