Максат Мамытканов Кыргызстандын Грузиядагы элчиси болуп дайындалды
2 июль

Максат Мамытканов Кыргызстандын Грузиядагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мамытканов Максат Суйуналиевич Азербайжан Республикасынын Баку шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Грузиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.