Жалал-Абаддагы жер титирөө: Бир катар имараттын дубалынан жарака кетти
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-августта кечки саат 22:05ке карата берген маалыматына караганда, жер титирөөдөн улам Арстанбап-Ата айыл аймагынан 2 турак үйдүн дубалынан жаракалар пайда болгон.
Учурда ӨКМдин Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жер титирөөдөн жабыркагандар боюнча Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат.
Сузак районунда Кыз-Көл айыл аймагындагв №32 орто мектебинин спорт залынын дубалдарынан жаракалар пайда болгон.
Калган райондордо кыйроолор болгон эмес.
Белгилей кетсек, облуста 5-августта саат 19:44тө күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталды.
