Курулуш тармагында кадрлар жетишсиз: депутат аны чечүү үчүн 4 сунуш жолдоду
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исманалы Жороев курулуш тармагындагы кадр жетишсиздигине байланышкан маселени көтөрдү.
Айтымында, бул тармакка квалификациялуу курулушчулар, инженерлер, сметчиктер жана техникалык көзөмөл адистери жетишпейт.
“Мындай таңкыстык шаарларда бар, ошондуктан аймактарды айтпай эле коелу. Союз маалынан калган тажрыйбалуу адистер учурда 70 жаштан ашып калды. 1990-2015-жылдар аралыгында курулуш адистерине суроо-талап болбогондуктан, жаштар башка кесиптерди тандап кетишкен. Ошондуктан бул тармакта олуттуу боштук пайда болгон. Азыр жаштар кызыгып башташты, бирок биз убакытты жоготуп койдук”, – деди депутат.
Ал курулуш тармагы келечекте үзгүлтүккө учурабаш үчүн бүгүн чечкиндүү аракеттерди көрө баштоо зарылдыгын белгиледи жана 4 сунуш жолдоду.
1. Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба министрлигинин алдында тармактын адистерин даярдоого багытталган мектеп, колледж жана жогорку окуу жайларын ачуу.
2. Инженер, сметчик, техникалык көзөмөл адистерин даярдоо үчүн максаттуу түрдө окуу программаларын киргизүү.
3. Аймактарга өзүнчө квота карап, аймактар үчүн адистерди даярдоо системасын түзүү.
4. Жаштарды курулуш тармагына тартуу үчүн стипендия, окууну аяктагандан кийин жумуш менен камсыз кылуу маселесин чечүү.
