Кыргызстан жана Кытай транспорт тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
КРнын транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытайдын транспорт министри Лю Вэй менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Тараптардын жолугушуусу Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 12-жыйынынын алкагында 2-июлда өттү.
Тараптар эки өлкө ортосундагы транспорт жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты.
Министр Сыргабаев кошумча уруксат бланктарын алмашуу, электрондук уруксат алмашуу системасын ишке ашыруу жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууда айдоочулар үчүн уруксат алуу маселесин көтөрдү.
Өз кезегинде Кытайдын транспорт министри кыргыз тараптан көтөрүлгөн маселелерди түшүнүү менен кабыл алып, аларды чечүү үчүн тийиштүү аракеттерди жасарын билдирди
Жолугушуу достук маанайда өттү.
