Он-Арча-Жаңы-Талап-Ашырма жолу тегизделди 
13 февраль

Он-Арча-Жаңы-Талап-Ашырма жолу тегизделди 

Нарын облусунун Нарын районундагы Он-Арча-Жаңы-Талап-Ашырма жолунун 60 чакырымы автогрейдер менен сүрүлүп, тегизделди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 8-Март, Кудук, Шоро, Ак-Кудук, Эмгек-Талаа, Хутор-Ак-Талаа айылдарына барчу жолдор да калыбына келтирилип, тегизделүүдө.

Мындан тышкары, №8 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан жол жээгиндеги тоңуп калган муздарды чагуу менен суунун нугун буруу иштери да тынымсыз жүрүүдө.