Миңден ашуун адам Кегетиде сууга агып кеткен 6 жаштагы баланы издөөдө
26 июнь

Миңден ашуун адам Кегетиде сууга агып кеткен 6 жаштагы баланы издөөдө

Чүй облусунун Кегети капчыгайында жол кырсыгынан кийин сууга агып кеткен 6 жаштагы баланы издөө иштери уланууда.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, издөө-куткаруу иштерине 1000ден ашуун адам тартылган.

Каргашалуу окуя 2026-жылдын 23-июнунда болгон. Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа сууга түшүп кеткен. Натыйжада унаанын ичинде болгон 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы баланы суу агызып кеткен.

Бул факт боюнча Чүй райондук ички иштер бөлүмүндө каттоо жүргүзүлүп, кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо максатында текшерүү иштери жүрүп жатат.

Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 12 жаштагы кыздын өмүр белгилери жок сөөгү табылган. Ал эми 6 жаштагы баланы издөө иштери дагы эле уланууда.

Издөө операциясына милиция кызматкерлери, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана ыктыярчылар катышууда. Издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.