«Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда колдоо тапты
28 май

«Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда колдоо тапты

Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. 

Демилгечи – депутаттар Айсулуу Мамашова, Дастан Бекешев, Эльдар Абакиров, Алишер Эрбаев, Пархат Тулендыбаев, Сеидбек Атамбаев, Илимбек Кубанычбеков, Ырысбек Атажанов, Бактыяр Калпаев, Эмиль Токтошев, Алишер Козуев, Шарапаткан Мажитова, Гүлкан Молдобекова, Айбек Алтынбеков, Азамат Исираилов, Чыңгыз Айдарбеков, Эльвира Сурабалдиева, Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова жана Аида Исатбек кызы.

Мыйзам долбоору менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине же камкорчуларына кирешесинин деңгээлине карабастан акысыз квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлө турган жарандык иштердин категорияларын кеңейтүү сунушталат. Никени бузуу, ата-энелик укуктан ажыратуу, алимент өндүрүү, балдардын жашаган жерин аныктоо, бала менен мамиле түзүүнүн тартибин аныктоо, өз балдарын материалдык жактан багуу жана турак жай менен камсыз кылуу, өзүнүн балдарын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик (башталгыч, орто жана жогорку) окутууда багуу жөнүндө доолор боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү каралган.