Камчыбек Ташиев: “Кыздар менен таанышууга барганда, суроолоруна жооп бере албай калбоо үчүн китеп окуйт элек”
Бүгүн Балыкчы шаарында маанилүү иш-чара болуп өттү. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев баштап, Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев:
“Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Балыкчы шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 1,5 миллиард сом каражат бөлүнөт. Анын ичинен 500 миллион сом жакынкы күндөрү, ал эми калган 1 миллиард сом келерки жылдын жаз айларында бөлүнөт,” – деп билдирди.
Сапардын алкагында Камчыбек Ташиев шаарга жалпы баасы 100 миллион сом болгон 36 даана жаңы атайын техниканын ачкычтарын тапшырды. Ал белгилегендей, бул кадам шаардагы муниципалдык кызматтардын ишин жакшыртып, инфраструктураны жаңылоого олуттуу түрткү берет.
Андан кийин Камчыбек Ташиев жаңы курулган шаардык китепкананы кыдырып, анын абалы жана ишке даярдыгы менен таанышты. Ошондой эле мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулуш аянтчасына барып, жумуштун жүрүшүн көзөмөлдөштү.
Бул аймакта жалпы 3 470 батирден турган турак жай комплекси курулуп жатат. Анын биринчи этабындагы 700дөн ашык батир келерки жылы пайдаланууга берилет.
Сапардын жыйынтыгында Камчыбек Ташиев жана Каныбек Туманбаев аз камсыз болгон алты үй-бүлөгө жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшырышты.
Бул иштердин бардыгы Балыкчы шаарынын жашоочуларынын жашоо сапатын жогорулатууга жана шаардын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган.
