Ошто 43 млн. сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды
Ош облусунда мыйзамсыз берилген жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Ош облусунун прокуратура органдары тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлгөн жер аянттары аныкталды.
Тактап айтканда, Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Өзгөрүш айылындагы 5 500 чарчы метр жана Өзгөн шаарына тиешелүү 1 720 чарчы метр жер тилкелери жарандардын жеке менчигине мыйзамсыз берилгени белгилүү болду. Ошондой эле, Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы ооруканага тиешелүү болгон 7000 чарчы метр жер аянты мыйзам бузуу менен жеке тараптын ээлигине өткөрүлгөн.
Бул мыйзам бузуулар боюнча прокуратура органдары тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде жалпы 43 миллион сомдук аталган жер тилкелер муниципалдык менчикке кайтарылды.
