Караколдо реабилитациялык борбор курулат
Каракол шаарында реабилитациялык борбор курулат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү дарыгер жеке медициналык борбор куруу максатында фондго долбоор жазып кайрылган.
Каракол шаардык мэриясынын чечимине ылайык, фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан ишкерге 10 млн. сом кайтарымдуу пайызсыз насыя бөлүнүп берилген.
Борбордун негизги максаты аутизм спектринин бузулушунан жабыркаган балдар үчүн комплекстүү диагностикалык кызматтарды көрсөтүү, терапия, өнүктүрүү жана колдоо болмокчу.
Борбор эки жаштан 18 жашка чейинки балдарга жана алардын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтмөкчү. Ошондой эле, диагностика жана эрте диагностика, индивидуалдуу жана жамаат менен терапия, логопедия, сенсордук интеграция, социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана жүрүм-турум терапия кызматтарын көрсөтүшмөкчү.
Медициналык жай бардык заманбап шарттары менен камсыз болуп, сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызматтарды көрсөтүлмөкчү.
