Жогорку Кеңеш Нуржан Шайлдабекованы БШКнын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотту
13 февраль

Жогорку Кеңеш Нуржан Шайлдабекованы БШКнын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотту

Жогорку Кеңештин 13-февралындагы жыйынында Нуржан Шайлдабекованы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды. 

Аталган маселе боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди. 

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Нуржан Шайлдабекованы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту. 

Депутаттар комитеттин тиешелүү чечимин бир добуштан колдошту.