Садыр Жапаров 29-30-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына барат
29 август

Садыр Жапаров 29-30-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына барат

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 29-30-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. 

Анын айтымына караганда, президенттин жумушчу сапарынын жүрүшүндө Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө боюнча социалдык, өнөр жай объекттеринин ачылышы офлайн жана онлайн форматта өтөт.

Ошондой эле, 30-августта президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын салтанаттуу ачылышы болот.

Объекттердин ачылышы КТРК, ЭлТР телеканалдарынын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.