Бишкекте Тоголок Молдо атындагы гүл бакчасын реконструкциялоо иштери башталды
29 апрель

Бишкекте Тоголок Молдо атындагы гүл бакчасын реконструкциялоо иштери башталды

Бүгүн Бишкекте Тоголок Молдо атындагы гүл бакчасында реконструкция иштери башталды.

Долбоордун алкагында газон аймагыннын дэңгээлин төмөндөтүү, заманбап сугат системасын орнотуу жана жаңы газон себүү иштери камтылган. Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдорду асфальттоо жана жарыктандыруу системасын орнотуу пландаштырылууда.

Бул иштер жашыл аймактын абалын жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз эс алуу шарттарын түзүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, реконструкциянын жүрүшүндө бак-дарактарды кыюу каралган эмес.

Иштер график боюнча жүргүзүлүүдө.