Минскте Кыргызстан менен Беларустун санариптик технологиялар жаатында кызматташуусунун келечеги талкууланды
13 февраль

Минскте Кыргызстан менен Беларустун санариптик технологиялар жаатында кызматташуусунун келечеги талкууланды

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Александр Базанов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жаатында кызматташуунун келечеги талкууланды.

Элчи Эрбол Султанбаев өлкөдө санариптештирүү тармагынын өнүгүүнүн акыркы тенденциялары тууралуу маалымат менен бөлүшүп, өз убагында Кыргызстанда Жогорку технологиялар паркын түзүүдө белорусиялык тажрыйба да колдонулганын баса белгиледи.

Буга байланыштуу Эрбол Султанбаев бул жаатта кызматташууну тереңдетүүгө, тажрыйба алмашууга жана ири IT-компанияларды тартуу менен бизнес-миссияларды уюштурууга кызыкдар экенин билдирди.

Маселенин актуалдуулугун эске алуу менен тараптар Кыргызстан менен Беларустун жогорку технологиялык парктарынын ортосундагы кызматташуу боюнча эки тараптуу документти иштеп чыгууну макулдашты.

Мындан тышкары, Эрбол Султанбаев Беларустун Жогорку технологиялар паркынын жетекчилигин үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкек шаарында өтө турган “KIT” форумуна чакырды.