Өзгөндө селден 99 турак үй жана 8 социалдык мекеме корголот 
13 февраль

Өзгөндө селден 99 турак үй жана 8 социалдык мекеме корголот 

Өзгөндө селден 99 турак үй жана 8 социалдык мекеме корголот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, ӨКМдин "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" иш-мерчемине ылайык, Ош облусунун Өзгөн районундагы сел жүрүү коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштери жүрүүдө.

Иш-чарага ӨКМден инженердик техника бөлүнүп берилип, жыйынтыгында 99 турак үй,1 мазар,8 социалдык мекеме селден корголот жана 60 кожолук өтүүчү жол тазаланат.