Нуржан Шайлдабекова ЮНИДОнун башкы директоруна ишеним грамотасын тапшырды
Кыргызстандын Вена шаарындагы эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Нуржан Шайлдабекова 26-июнда Кыргыз Республикасынын БУУнун Өнөр-жайды өнүктүрүү боюнча уюмундагы (ЮНИДО) Туруктуу өкүлү катары ишеним грамоталарын ЮНИДОнун башкы директору Герд Мюллерге тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын учурдагы абалын жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.
Туруктуу өкүл Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы жакында кабыл алынганын маалымдады. Программанын негизги артыкчылыктарынын бири катары индустриализация – өнөр жай тармагын өнүктүрүү жана өндүрүштү кеңейтүү аныкталган. Ушуга байланыштуу ЮНИДО менен кызматташууну кеңейтүү жана өнөр жайды өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ыкчам ишке киргизүү Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ.
Өз кезегинде ЮНИДОнун башкы директору Герд Мюллер ЮНИДО менен Кыргыз Республикасынын ортосунда калыптанган активдүү кызматташууну жогору баалады. Ал Кыргыз Республикасы ЮНИДО 2025-2029-жылдарга карата өлкөлүк өнөктөштүк программасын (ПСП) ишке киргизе турган Борбордук Азиядагы алгачкы өлкө болуп саналганын белгиледи.
