Ноокат РЭТинде электр энергиясынын көрсөткүчтөрү жасалмаланып, мамлекетке 4,8 млн сом зыян келтирилген
Ноокат РЭТинде электр энергиясынын көрсөткүчтөрү жасалмаланып, мамлекетке 4,8 млн сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Ош областтык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат РЭТинин кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2025-жылы райондогу сегиз айыл өкмөткө караштуу бюджеттик мекемелердин электр энергиясын керектөө көрсөткүчтөрүн жасалмалап, мыйзамсыз актыларды түзүшкөнү аныкталды.
Документтерде иш жүзүндө пайдаланылбаган 1 218 365 кВт/саат электр энергиясы ашыкча көрсөтүлүп, мамлекетке 4 млн 826 миң 127 сом зыян келтирилген.
Бул факт боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
