Нарын: көмүрдү туура эмес жерге түшүрүү фактысы аныкталып, айып пул салынды
29 август

Нарын: көмүрдү туура эмес жерге түшүрүү фактысы аныкталып, айып пул салынды

2025-жылдын 26-август күнү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иштердин алкагында, Жумгал районунун Чаек айылындагы Чынара Дүйшеева атындагы балдар искусство мектебинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштеринде көмүрдү сактоо эрежелери бузулганы аныкталды.

Тагыраагы, Кара-Кече көмүр кенинен тендердин негизинде түшүрүлгөн көмүр борбордук автоунаа жолуна жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуарга төгүлгөн. Бул көрүнүш Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексиннн 115-берененин 1-пунктуна ылайык мыйзам бузуу катары бааланып, аталган билим берүү мекемесине 17 000 (он жети миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Окуя болгон жерде тиешелүү акт түзүлүп, мектептин жетекчисинен түшүндүрмө кат алынды. Мындан сырткары, күз-кыш мезгилине даярдык иштеринде көмүрдү туура эмес жерлерге сактоо же түшүрүү экологиялык жана техникалык коопсуздук эрежелерине каршы келерин түшүндүрүү максатында жалпы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана мекеме-ишканаларды экологиялык коопсуздук, техникалык эрежелерди сактоого, коомдук жайларды таза сактоого чакырат.