Кыргызстанга кызамык жана кызылчага каршы 1,8 млн ашык доза вакцина жеткирилди
2 июль

Кыргызстанга кызамык жана кызылчага каршы 1,8 млн ашык доза вакцина жеткирилди

2025-жылдын 30-июнунан 2-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Вакциналар жана иммунизация боюнча Глобалдык альянс (ВИГА), ДССУ жана ЮНИСЕФ ВИГА 5.1 стратегиясынын алкагында кызматташуунун жылдык баалоосу жүргүзүүдө, 2026–2030-жылдарга ГАВИ 6.0 жаңы стратегиясын ишке ашыруунун алдында улуттук эмдөө системасын чыңдоо пландарын талкуулашты.

ВИГА 5.1 ишке ашыруунун жыйынтыгында Кыргызстан бир катар маанилүү жетишкендиктерге жетишти: эмдөөлөр боюнча электрондук реестр ишке киргизилип, «муздатуучу чынжыр» инфраструктурасы жаңыланды, логистика жана вакцина сактоо шарттары жакшыртылды. Өзгөчө көңүл калктын аярлуу топторуна бурулуп, алыскы аймактарда жашаган 55 000ден ашуун бала мобилдик эмдөө бригадалары аркылуу эмдөөдөн өткөрүлдү.

Кызамык боюнча эпидемиологиялык кырдаал шартында ЮНИСЕФтин жардамы менен кызамык жана кызылчага каршы 1,8 миллиондон ашык доза вакцина жеткирилди.