Ош шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду
2 июль

Ош шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Ош шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Мэриядан кабарлашкандай, мэр Жеңишбек Токторбаевдин буйругуна ылайык:

Ош шаарынын мэринин кеңешчиси болуп Семей Козуев,

Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын башчысы болуп, которуу жолу менен Нурбек Исмаилов,

Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасынын директору болуп, которуу жолу менен Долатбек Кокочоров,

“Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасынын директору болуп Талант Байкишиев,

Ош шаарынын мэриясынын агрардык чарба муниципалдык ишканасынын директору болуп Мурадин Тешебаев дайындалды.

Аталган жетекчилерди бүгүн Ош шаарын мэри Жеңишбек Токторбаев мэриянын аппаратына, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине тааныштырып, алдыдагы жумуштарына ийгиликтерди каалап, бир катар тапшырма, талаптарды койду.