Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигиттин сөөгү табылды
Ош шаарындагы Увам каналына түшүп кеткен 21 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кырсык 12-июлда катталган.
Издөө иштерине ӨКМдин 38 куткаруучусу, ИИМден 10 кызматкер жана туугандарынан 20, жалпы 68 адам чыгышкан.
