Ташиев: Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе камалат
12 апрель

Ташиев: Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе камалат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төргасы Камчыбек Ташиев качкын президент Курманбек Бакиевдин иши боюнча Конституциялык соттун чечимине байланыштуу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

"Урматтуу Эл-Журт! Кечээ Конституциялык соттун К.Бакиев боюнча чыгарган чечимине бүгүнкү бийликтин эч кандай тиешеси жок.

Конституциялык сот көз карандысыз.

К. Бакиев боюнча Жогорку соттун өкүмү күчүндө турат.

Ошондуктан эгер К. Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөөрү менен камалат", - деди ал.

Эске сала кетсек, кечээ кечинде Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин жактоочусунун арызы боюнча билдирүү жасап, сот сырттан чыгарылган өкүмдү кабыл алынаарын, бирок айыпталуучу кайтып келгенден кийин кайра каралышы керектигин билдирген.