Бакай-Ата районунда жеке менчике өтүп кеткен жер тилке мамлекеттин эсебине кайтарылды
Бакай-Ата районунда жеке менчике өтүп кеткен жер тилке мамлекеттин эсебине кайтарылды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан учурунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мамлекеттик имараттар менен жер тилкелерди мамлекеттин эсебине кайтаруу иш-чаралары уланууда.
Такталгандай, учурунда мыйзамсыз алынган Бакай-Ата районуна караштуу Бакай-Ата айылында жайгашкан жалпы аянты 0,43 га жер тилкенин ээси, мурда мыйзамсыз алгандыгын мойнуна алып, аталган жер тилкени өз ыктыяры менен мамлекеттин эсебине кайтарып берди.
Аталган 0,43 га жер тилкени жеке жаран алма бак жана мөмө жемиш эгип колдонуп жүргөн.
