Транспорт министри Чүйдөгү жол куруу иштерин тездетүүнү талап кылды
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев 12-июлда Чүй облусунундагы жол курулуш иштеринен кабар алды.
Ведомство жетекчиси Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолунун реконструкция иштери менен жеринен таанышып, асфальт басуу иштерин тездетүүнү тапшырды.
Ошондой эле министр Сыргабаев Кант–АБЗ унаа жолуна барып, жумуштарды жеринен көзөмөлдөдү. Аталган жолго быйыл капиталдык салымдар беренесинен 2 км асфальт төшөө каралган. Бирок транспорт министри Сыргабаев кошумча дагы 3 чакырымды асфальттоо тапшырмасын койду.
Мындан тышкары, транспорт жана коммуникациялар министри иш ыргагын ыкчамдатып, сапатына көңүл бурууну талап кылды.
