Төө-Ашуудагы туннелдин айланасына асфальт төшөлөт
14 июль

Төө-Ашуудагы туннелдин айланасына асфальт төшөлөт

Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы туннелдин айланасына асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Ведомство жолдун абалы боюнча түшүндүрмө берип, Бишкек — Ош автоунаа жолунун аталган тилкесин иретке келтирүү министрликтин планында болгонун билдирди. 

"Буга чейин тендер жарыяланып, жумуштарды аткаруучу подрядчы компания аныкталган. Бүгүнкү күндө техникалар тартылып, капиталдык оңдоо иштерине даядыктар көрүлүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө. 

Учурда аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери жүргүзүлдү.

Жол кыймылына ыңгайлуу шарт түзүү максатында 30-августка чейин тоннелдин эки тарабы тең иретке келтирилип, асфальт төшөө жумуштары толук бүткөрүлөрү пландалууда.