Ош унаа базары ишин баштады
14 июль

Ош унаа базары ишин баштады

Толук оңдоп-түзөөдөн өткөн Ош унаа базары 11-июлдан тарта өз ишмердүүлүгүн баштады.

Үч күн аралыгында эле унаалардын агымы абдан көп болуп, базардын ичиндеги орундар дээрлик толгон.

Жаңыланган унаа базар кире бергенден тарта толук өзгөргөн. Алсак автоматтык кирип, чыгуу терминалы, навесттер, ашкана жана ажатканалар, убактылуу унаа токтотуучу жайлар баары жаңыдан жасалган. Базардын ичиндеги унаалар сатылуучу жайлар асфальтталып, ар бирине катар чийимдер чийилген. Курулуш жана оңдоп түзөө иштери дээрлик 90-95% аяктап калган.

Учурда соода кызуу жүрүп жаткан чак. Базар ачылган күндөн тарта үч күн (11-12-13-июль) сатуучулардан унаасы үчүн акы алынбайт. Мурда унаа базар жумасына эки ирет ишемби жана жекшемби күндөрү гана иштесе, мындан ары күн сайын толук 24 саат иштөөгө өтөт.