Баткен облусу менен Франциянын аймактарынын ортосунда өз ара кызматташтыкты түзүү маселеси талкууланды
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
29 апрель

Баткен облусу менен Франциянын аймактарынын ортосунда өз ара кызматташтыкты түзүү маселеси талкууланды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай жана Ор департаментинин сенатору, Франция–Борбор Азия достук тобунун төрагасы Эрве Море баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар дүйнөдөгү глобалдык туруксуздуктун шартында тынчтыкты, туруктуулукту жана диалогду сактоого багытталган аракеттер өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.

Өз кезегинде Франциянын элчиси Николя Фай Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин сүйлөшүү жолу аркылуу жөнгө салуудагы жетишкендиктерин жогору баалап, мындан аркы кызматташтыкты чыңдоого багытталган аракеттерди кубаттады.

Облус башчысы Мамыржан Рахимов элчиге иш сапары жана жылуу пикирлери үчүн ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар кыргыз-француз мамилелерин мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Ал ошондой эле бүгүнкү жолугушуу аймактар аралык узак мөөнөттүү, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болоруна ишенимин билдирди.

Тараптар Баткен облусу менен Франциянын аймактарынын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү жана аны өнүктүрүү боюнча бир катар багыттарды талкуулашты.

Атап айтканда, мындай өнөктөштүк региондук башкаруу жаатында тажрыйба алмашууну, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо, туризм жана маданият тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну камтый турганы белгиленди.

Жолугушуу соңунда Франция элчиси облус башчысына эркиндик, теңдик, бир туугандыкты чагылдырган Франциянын символикалык медалын тапшырды. Ал эми облус башчысы элчиге Баткен облусунун символу болгон Айгүл гүлү түшүрүлгөн белегин берди.