Бишкек: уюлдук телефон уурдоого шектүүлөр кармалды
22 май

Бишкек: уюлдук телефон уурдоого шектүүлөр кармалды

2026-жылдын 20-май күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБна А.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 19-май күнү Гагарин көчөсүндө жүргөн учурда, жашы жете элек уулунун тышкы кийиминин чөнтөгүнөн баасы 30 000 сом турган «Samsung» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жашыруун түрдө уурдап кетишкен.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталып, кармалды. Алар: 1990-жылы туулган Т.Т. жана 1992-жылы туулган Б.Б., буга чейин ушундай эле кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолушкан жарандар болуп чыккан.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, кармалгандар Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда алардын башка кылмыш фактыларына тиешеси бар же жок экендигин аныктоо боюнча иштер улантылууда.