Ошто түнү көчөдө жүргөн 144 өспүрүм аныкталып, ата-энелерине айып салынды
3 октябрь

Ошто түнү көчөдө жүргөн 144 өспүрүм аныкталып, ата-энелерине айып салынды

Ош облусунун аймагында түнү көчөдө жүргөн 144 өспүрүм кармалды. Алар 23нөн 27-сентябрга чейинки аралыкта өткөн "Өспүрүм-түн" аталышында рейддин жүрүшүндө аныкталган. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Рейддин жүрүшүндө милиция кызматкерлери үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте саат 22:00дөн кийин өз алдынча жүргөн өспүрүмдөрдү аныктап, алардын ата-энелерине жана өспүрүмдөргө укук бузуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жалпы рейддик иш-чара учурунда түнкү убакта көчөдө чоңдордун коштоосу жок жүргөн 144 бала аныкталып, алардын ата-энелерине КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, 1000 сомдон айып пул салынды.

Тийиштүү мамлекеттик органдарга 23 материал жиберилди.