Кыргызстан менен Катардын ортосундагы алакаларды чыңдоо маселеси талкууланды
25 июль

Кыргызстан менен Катардын ортосундагы алакаларды чыңдоо маселеси талкууланды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 25-июлда Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Маррини кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Жолугушууда тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын кылдат талкуулашты.

Соода жана инвестиция тармагында практикалык кызматташтыкты арттырууга өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте министр Жээнбек Кулубаев Катар Эмиринин 2024-жылы Кыргызстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Эки тараптуу маселелерден тышкары аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн өнөктөштүгүн чыңдоого жана кеңейтүүгө эки тараптын умтулуусун ырасташты.