Сүрөт ачык булактардан алынды
3 сентябрь
Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчынга келгендердин саны 200 миң адамдан ашты
Кырчын жайлоосунда VI дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кызуу жүрүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата оюндарды көрүүгө келгендердин саны 200 миңден ашуун болду, деп билдирет VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медиа штабы.
Жарандарга Чолпон-Атанын ар кайсы аймагынан Кырчын жайлоосуна акысыз маршруттук каттамдар уюштурулган. Кечээ 2-сентябрда келген коноктордун саны көп болгондуктан бүгүн кошумча автобустар каттамга кошулду.
Жарандарды Кырчын жайлоосуна жана шаарга ташууда азыркы учурда эч кандай тартыштык жок.
