Балыкчы шаарынын мэри алмашты
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Арнабек уулу Азамат башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы кол койгон башка тескемеге ылайык Султан Кермалиев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды.
