ИИМ башчысы министрликтин бардык бөлүмдөрүнүн ишине толук баа берүүнү тапшырды
13 февраль

ИИМ башчысы министрликтин бардык бөлүмдөрүнүн ишине толук баа берүүнү тапшырды

ИИМдин борбордук аппаратында бүгүн, 13-февралда онлайн-кеңешме болуп өттү, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Кеңешменин жүрүшүндө, коомчулук арасында орун алып жаткан айрым маселелерге токтолуп, коомдук пикирди туура түшүнүп, айрым маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кызматташып, элдин көйгөйлөрүн жеринде чечүүгө басым жасоо сунушталды.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков өз сөзүндө, экстремизм, терроризм, кибер-чабуулдар жана башка коркунучтарга каршы туруштук берүү үчүн заманбап санариптик ыкмаларды колдонуп, “Коопсуз өлкө” долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтты. Ал коопсуздукту бекемдөө үчүн ар бир жетекчи аймактарында видеокамераларды орнотуп, кызматкерлерди жаңы технологиялар менен жабдып, санарип тармагын өнүктүрүүгө милдеттүү экендигин баса белгиледи.

Онлайн кеңешмеде кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды. Аны менен бирге, өздүк курам арасында пара алуу, коррупциялык схемаларды түзүү сыяктуу мыйзам бузууларды болтурбоо зарылдыгы талап кылынды.

Мындан тышкары жетекчилерге кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук тартипти сактоо жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кемчиликтерди жоюу, ички иштер органдарынын ишмердигине көзөмөлдү күчөтүү жана профилактикалык иштерди жакшыртуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Кеңешменин жыйынтыгында ички иштер министрлигинен баштап, жер-жердеги ар бир бөлүмдү карап, баа берүү жана ротациялоо жумуштары жүргүзүлөөрү айтылды. Ошол эле мезгилде, ишмердиги начар жана жүктөлгөн милдеттерин аткара албаган жетекчилерден арылып, элге сапаттуу кызмат көрсөтүү иштерин бекемдөө пландары белгиленди. Андыктан, жер-жерлерде өздүк курам арасында таалим-тарбия иштерин күчөтүү зарылдыгы эскертилди.

Ошондой эле, кызматкерлер арасында терс көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн жетекчилердин өздөрү жаш кызматкерлерге үлгү болуп, ишке болгон мамилесин туура көзөмөлгө алып, кызматкерлерге таасир берүү иштерин жүргүзүү белгиленди.

Жогорудагылардын негизинде бардык ички иштер органдарынын биринчи жетекчилеринин алдына тапшырмалар коюлуп, кынтыксыз аткаруулары айтылды.