сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
11 август
Министрлер кабинети жыл жыйынтыгы боюнча мыкты аймактарды сыйлоого 18 млн сом бөлөт
Кыргызстандын Министрлер кабинети облустардагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун комплекстүү баалоо системасына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Токтомго ылайык, алардын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жыл ичиндеги жыйынтык көрсөткүчтөрдүн негизинде бааланат.
Рейтингде алдыңкы орундарды ээлеген аймактарды сыйлоо үчүн республикалык бюджеттен 18 млн сом бөлүнөт. Каражаттар сыйлык фондун түзүүгө багытталат.
Министрлер кабинети Финансы министрлигине токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чыгымдарды тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте караштырууну тапшырды.
