Жогорку Кеңеш КРнын Жер кодексинин долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды
13 февраль

Жогорку Кеңеш КРнын Жер кодексинин долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 13-февралындагы жыйынында КРнын Жер кодексинин долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. 

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев тааныштырды. 

Бул мыйзам долбоорунда айыл чарба багытындагы жерлерди, сугат айдоо жерлерин жана жерге жайгаштыруу иштери таризделген жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кароосунда турган жерлердин башка түрлөрүн которуу (трансформациялоо) тууралуу жайыттарды менен кошо алганда учурдагы жер укуктук мамилелери боюнча юридикалык натыйжаларды аныктоочу ченемдер каралган.

Мыйзам долбоорун талкууда депутат Динара Ашимова токой фондунун жерлеринен тыш аянттарда эгилген көчөттөрдү кароо, көзөмөлгө алуу ким тарабынан жүргүзүлөрүн тактады.

Депутат Арсланбек Малиев жаңы кодексте башка мамлекеттин жарандарына жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга жер маселелери кандай негизде чечилерин тактады.  Эл өкүлү Эмил Токтошев дача тибиндеги конуштардын жерге ээлик кылуу укуктары жаңы кодексте кандай каралганын сурады.

Ал эми депутат Алтынбек Кылычбаев жеке менчикти сот аркылуу тартып алууда аларга мыйзамсыз жер бөлүп берген тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилигин кароо жагдайына өзгөчө көңүл бурду.  

Ушул эле маселеге көңүл бурган депутат Исхак Масалиев жеке менчик жерлерди мамлекетке кайтаруу бир гана соттун чечими менен ишке ашуусу керектигин белгиледи.

Депутат Гуля Кожокулова дачаларды жергиликтүү бийликтин карамагына өткөрүү менен алардын инфраструктурасын оңдоого каржы мүмкүнчүлүктөрүн, анын бардык жашоочуларынын суроо-талаптарын эске алуу зарылдыгын айтты.

Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелеринин маселесине кайрылган депутат Марлен Маматалиев менчик ээлерине кенемте жана башка жактан жер берүү каралабы деп тактады.

Депутаттар Арсланбек Эгембердиев жана Эрнис Айдаралиев өлкө аймагында катталган дача конуштарынын санын тактап, мыйзам долбоорун колдоого чакырышты. 

Мындан тышкары жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эльдар Сулайманов, Элмурза Сатыбалдиев, Нуржигит Кадырбеков, Бактыбек Сыдыков, Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу ɵнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.