Кыргызстанга iPhone 17 Pro Max телефондорун мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан
«Манас» бажысынын кызматкерлери КРдин УКМК кызматкерлери менен биргеликте Дубай шаарынан келген жүргүнчүлөрдү бажы көзөмөлүнөн өткөрүүдө “Манас” эл аралык аэропортунда бажы мыйзамдарынын бузуу фактысын аныктады.
2025-жылдын 20-сентябрында «Манас» эл аралык аэропортунун бажы көзөмөлүнүн аймагында Дубайдан каттам менен учуп келген 1992-жылы туулган С.А. жана А.Б. аттуу жарандар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген жарандар үчүн арналган чыгуучу жолдон өтүшкөн жана тиешелүү бажы операцияларын жүргүзбөстөн уюлдук телефондорду жашыруун алып өтүүгө аракет кылышкан.
Кийинчерээк, аталган товарларды Айчүрөк БУМ соода борборундагы «N.S.» жана «C.B.S.» бутиктеринде сатуу аракети учурунда 18 даана iPhone 17 Pro Max уюлдук телефондору алынган. КРдин Соода-өнөр жай палатасынын корутундусуна ылайык, бир даана iPhone 17 Pro Max телефонунун орточо баасы 195 миң сомдон 225 миң сомду түзгөн.
Мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 476 271 сомду түздү.
Бул Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
