Жогорку ылдамдыкта келаткан унаа бакты сүзүп алган
видеодон алынган кадр
3 сентябрь

Жогорку ылдамдыкта келаткан унаа бакты сүзүп алган

Социалдык тармактарда Чоң Чүй каналынын аймагында болгон ири жол кырсыгынын видеосу тарады.

Алдын ала маалымат боюнча, жеңил унаа жогорку ылдамдыкта бара жатып, башкаруусун жоготуп, бакты сүзгөн.

Кадрлардан көрүнгөндөй, унаа олуттуу жабыркап, анын алдыңкы бөлүгү дээрлик толугу менен талкаланган.

Учурда кырсык болгон жерде тиешелүү ыкчам кызматтар иштеп жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан каза болгондор болушу мүмкүн. Бирок каза болгондордун жана жабыркагандардын саны тууралуу расмий маалымат азырынча жок.

Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталууда.