Амур облусундагы учак кырсыгы. Садыр Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Амур облусунда көп сандаган адамдардын өмүрүн алган жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге көңүл айтты.
«Амур облусундагы кайгылуу авиациялык кырсыктын кесепетинен көп сандаган адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Менин чын жүрөктөн чыккан жана терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына алар үчүн бул орду толгус жоготууга көңүл айтуу жана колдоо сөздөрүмдү жеткирүүңүздү өтүнөм», - деп айтылат.
Эске сала кетсек, Амур облусунда Ан-24 жүргүнчү учагы кулап түшкөн. Ичинде 40тай жүргүнчү болгон.
Учак Хабаровск-Благовещенск-Тында багыты боюнча учуп бара жаткан.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Ангара авиакомпаниясынын Ан-24 жүргүнчү учагы Тында аэропортунан бир нече чакырым алыстыкта радардан жоголуп кеткен. Анын сыныктары бул шаардан 15 чакырым алыстыкта табылганын өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.
Тез жардам кызматынын маалыматы боюнча, учакта 46 киши, анын ичинде 40 жүргүнчү болушу мүмкүн.
