Министрлер кабинети Жазаларды аткаруу кызматына 50 млн сомдук автоунааларды тапшырды
27 сентябрь

Министрлер кабинети Жазаларды аткаруу кызматына 50 млн сомдук автоунааларды тапшырды

Министрлер кабинети Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматына 50 млн сомдук автоунааларды тапшырды. Бул тууралуу ЖАКтын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Автоунааларды тапшыруу аземине юстиция министри Аяз Баетов катышып, кызматкерлерди автопарктын жаңыланышы менен куттуктап, акыркы жылдары пенитенциардык системада жүргүзүлүп жаткан реформаларга жогору баа берди.

Ал ЖАКтын кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөдө бул кадамдын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев жаңы унаалар үчүн ыраазычылык билдирип, бул окуянын тарыхый маанисин белгиледи. Ал Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери ЖАК автопаркы мынчалык олуттуу көлөмдө жаңыланбаганын баса белгиледи. Салтанатты улантып жатып, Эгембердиев кызматтын мекеме жана башка бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине автоунаалардын ачкычын тапшырды.

Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 16-мартындагы No 112 токтомуна ылайык, "Тулпар Моторс" заводунан жогоруда көрсөтүлгөн суммага 25 даана автоунаа сатылып алынган, анын ичинде:

  • 23 Chevrolet Tracker автоунаасы;
  • 1 Chevrolet Cobalt автоунаасы;
  • 1 даана 5 тонналык Isuzu жүк ташуучу унаасы.

Ошондой эле, тендердин алкагында 18 орундуу "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү 1 кичи автобус жана 1 KIA Carnival микроавтобусу сатылып алынган. Натыйжада, 2024-жылы ЖАКтын автопаркы 27 жаңы унаа менен толукталды.

Ушул убакка чейин ЖАК автопаркы негизинен эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттик органдар тарабынан белекке берилген эски унаалардан турган, алар Кызматтын транспорттук муктаждыктарын толук камсыздай алган эмес.