Ирригациялык тармактар курулуп, жашыл аянттар түзүлөт. Оштун мэри Курманжан-Датка көчөсүн текшерди
13 февраль

Ирригациялык тармактар курулуп, жашыл аянттар түзүлөт. Оштун мэри Курманжан-Датка көчөсүн текшерди

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 13-февралда таң эрте Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишкен А. Навои менен Ленин көчөсүнө чейинки аралыктагы аймакты текшерип чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Анын жүрүшүндө шаар башчысы жол боюнда тиешелүү жашыл аянтчалардын, бак-дарактардын, ирригациялык тармактардын жоктугун байкап, бул боюнча сын-пикирин айтты.

Мында бир катар соода түйүндөрүнүн алдындагы аймакта унаа токтотуучу жайларга орун берүү максатында жашыл бак-дарактар алып салынган.

Жеңишбек Токторбаев көчөнүн жалпы сырткы көрүнүшүн жаңылап, заманбап талаптарга шайкеш келитирүү менен бирдиктүү дизайнын иштеп чыгуу, кызыл сызыкка чыккан курулуштарды бузуп алып салуу боюнча тапшырмаларды берди.