Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрөт
25 июль

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. 

Маалыматка ылайык, 28-июлдан 31-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.