Баткен милициясы сууга чөгүп кетүүнүн алдын алуу боюнча иш алып барууда
Баткен ОИИБ
11 август

Баткен милициясы сууга чөгүп кетүүнүн алдын алуу боюнча иш алып барууда

Баткен районунда өспүрүмдөрдүн жана жаш балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө сууга чөгүп кетүү фактыларынын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочуларга жана ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбоо, көлмөлөргө жана сууга түшүүгө тыюу салынган жайларга баруусуна жол бербөө зарылдыгын эскертишүүдө.

Ошондой эле короолордогу суу сактагычтарга жана суу кампаларына балдар кирип кетпеши үчүн бекем кулпу орнотуп, коопсуздук чараларын көрүү боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилүүдө.

Милиция кызматкерлери ата-энелерди балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, сууга чөгүп кетүү кырсыктарынын алдын алуу боюнча сактык чараларын так сактоого чакырат.