Ысык-Көлдө куткаруучуларга арналган эс алуу жайы ачылды 
25 июль

Ысык-Көлдө куткаруучуларга арналган эс алуу жайы ачылды 

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары үчүн “Асыл-Таш” эс алуу жайынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

Иш-чарага ӨКМдин алдындагы мекемелердин, өлкө аймагындагы башкармалыктардын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Эс алуу жайдын ачылышында министрликтин башчысы Бообек Ажикеев өздүк курамды эс алуучу жайына ээ болушу менен куттуктады.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин саясаты менен жеке менчик ишканалары мамлекетке өтүп, эл үчүн кызмат кылууда. Мамлекетке өткөн ишканалардын катарын "Асыл-Таш" пансионаты да толуктаган.

Буга чейин түйшүктүү кесипти аркалаган куткаруучуларды эс алдырууда кыйынчылык жаралып келсе, мындан ары пансионат куткаруучулар үчүн кызмат кыларын билдирди.

Эс алуу жай Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилгенден тарта кайра оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, эс алуучулар үчүн шарттар түзүлгөн.