Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу. Нарында түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Нарын ОИИБ
11 август

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу. Нарында түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Нарын облусунун аймагында үй-бүлөлүк зомбулуктун, үй-бүлөдөгү укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө максатында «Үй-бүлө» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Иш-чара Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулуп жатат.

Анын алкагында жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, мыйзам талаптарын сактоо, балдардын укуктарын коргоо жана коопсуз коомду калыптандыруу боюнча маалыматтар берилүүдө. Ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр менен жекече профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.

Нарын ОИИБ жарандарды үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөгө, мыйзам талаптарын так сактоого жана үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына кайдыгер карабоого чакырат.