Кырчында өзүн жаман сезген жаран тик учак менен Балыкчыга жеткирилди
3 сентябрь

Кырчында өзүн жаман сезген жаран тик учак менен Балыкчыга жеткирилди

Кырчын этномаданий шаарчасында өзүн жаман сезген жаран тик учак менен Балыкчыга жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Саламаттыгы кескин начарлап кеткен жаран 3-сентябрда ӨКМдин мобилдик госпиталына медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

КР ӨКМнин Апааттык медицина кызматынын адистери Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте жаранды алгачкы медициналык кароодон өткөрүшкөн. Жарандын абалына байланыштуу тез арада медициналык жардам көрсөтүү үчүн аны Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирүү чечими кабыл алынган.

Жаранды ыкчам жеткирүү максатында КР ӨКМнин тик учагы тартылган. ӨКМ жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери жаранды Балыкчы шаарындагы медициналык мекемеге чейин коштоп барып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен.

КР ӨКМнин тик учактары нөөмөттө туруп, зарыл болгон учурда жарандарга ыкчам жардам көрсөтүүгө жана өзгөчө кырдаалдар учурунда аларды тез арада эвакуациялоого даяр.