Көпчүлүк аймакта кар жаады. 13-февралга карата өлкө ашууларындагы абал
Бүгүн, 13-февраль саат 08:00гө карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Бишкек-Кара-Балта жолунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.
Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жол ачык.
Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
