Кыргызстанда ысыктан улам оорулардын көбөйүшү 55-94%га жетиши мүмкүн
Кыргызстанда ысыктын таасиринен келип чыккан оорулардын саны 55-94%га көбөйүшү мүмкүн. Мындай божомолдор 2035-жылга чейинки Улуттук адаптация планынын долбоорунда камтылган.
Ошондой эле суу аркылуу жугуучу инфекциялык оорулардын саны 10-17%га өсүшү мүмкүн.
Адаптациялык чаралар көрүлбөгөн учурда саламаттык сактоо системасына түшө турган кошумча чыгымдар жылына болжол менен 6,7 млн долларды түзүшү мүмкүн.
Өзгөчө алыскы тоолуу аймактардын жашоочулары аялуу катмар катары белгиленет. Анткени суу ташкындары, сел жана башка жаратылыш кырсыктары айрым аймактардын медициналык жардамга жетүүсүн бир нече күнгө же жумага чейин чектеп коюшу мүмкүн.
Тобокелдик жогору аймактардагы медициналык уюмдар үчүн иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча пландарды иштеп чыгуу жана убактылуу обочолонуп калган аймактардын тургундарына медициналык кызмат көрсөтүүдө телемедицинаны колдонуу сунушталууда.
