"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына атайын техникалар тапшырылды
Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына 10 жаңы тоо иштерин жөнгө салуучу атайын техниканы тапшырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Техникалар күн мурун, 12-февралда тапшырылган.
Аталган техникалар "Кыргызкөмүр" МИнин өздүк каражатынын эсебинен сатылып алынды. Жалпы суммасы 36 млн 780 миң 600 сомду түздү.
Энергетика минитри Т.Ибраев жаңы техникалар көмүр тармагынын ишин натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөөрүн айтып, техникаларды жоопкерчилик менен колдонууга чакырды.
Алынган техникалар:
- Жүктөгүч - 2 даана;
- Дөңгөлөктүү экскаватор -1 даана;
- Вахталык мөөнөттү ташуучу КамАЗ - 1 даана;
- Жолго суу чачуучу унаа - 2 даана;
- Кызматтык жеңил унаа - 4 даана;
